Нуржан Тумонбаева - Бир туугандар - текст песни, слова, перевод, видео

Исполнитель: Нуржан Тумонбаева

Название песни: Бир туугандар

Дата добавления: 11.11.2026 | 18:40:34

Просмотров: 1

0 - текст верный

0 - текст неверный

Ознакомьтесь с текстом песни Нуржан Тумонбаева - Бир туугандар

Бир туугандар бирдей сүйөм барыңды
Билгизбеген жогум менен барымды
Адатымды жууп чайып эң өжөр
Ар убакта аяп келген жанымды
Ай асылдар ай, ой алтындар ай
Ар убакта аяп келген жанымды

Силерсиңер саябалуу чынарым
Чалыкканда арка жөлөк кылаарым
Кейишимде кубанчымда кайгымда
Кеңешимди жүрөк төшөп угарым
Ай асылдар ай, ой алтындар ай
Кеңешимди жүрөк төшөп угарым

Кабыл алган кандайыма карабай
Колдон келген жардамыңды аябай
Силер менин арка жөлөк аска зоом
Кадырыңды калтыргым жок баалабай
Ай асылдар ай, ой алтындар ай
Кадырыңды калтыргым жок баалабай
Ай асылдар ай, ой алтындар ай
Кадырыңды калтыргым жок баалабай
Бир туугандар бирдей сүйөм барыңды
Смотрите так же

Нуржан Тумонбаева - Ата-Эне

Все тексты Нуржан Тумонбаева >>>